Тегерек стол “Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгү”

2024-жылдын 11-декабрында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы , Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жана Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин бейөкмөт уюму “АРДИ” менен биргеликте уюштурган “Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгү” деген темада тегерек стол болуп өттү. 

Иш-чара Бишкек жана Ош шаарларындагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн орто жана жогорку билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн талдоону талкуулоого, ошондой эле биздин уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын көрсөтүүгө арналды.

Тегерек столго түрдүү мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева, КР Акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Министрлер кабинетинин алдындагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер кеңешинин орун басары Толкунбек Исаков, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, университеттер, мектептер жана эл аралык уюмдар, ошондой эле биздин ассоциациянын мүчөлөрү.

Талкуунун жыйынтыгы билимге жетүүнүн көйгөйлөрү бардык тараптардын активдүү катышуусун талап кылаарын көрсөттү.Тегерек стол баарлашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды, бул бизге орун алган көйгөйлөрдү талкуулоого жана аларды чечүүнүн жолдорун көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.

Биз бардык катышуучуларга жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн сапаттуу билимдин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган биргелешип иштөөнү улантууга даярбыз.

#Баарынабилим#Инклюзивдикбилим#Кыргызстан