Баштапкы кесиптик билим берүү тутумундагы гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия боюнча маалыматтык семинар
28-29-август күндөрү Талас облусунун №90 жана №110 кесиптик лицейлеринде АРОК тарабынан уюштурулган маалыматтык семинар болуп өттү.
Иш-чаранын максаты окутуучулардын арасында гендердик билимди жана социалдык инклюзияны түшүнүүнү жогорулатуу болду.Семинардын негизги максаттары: “гендер, гендердик теңчилик, гендердик стереотиптер, гендердик социалдаштыруу, билим берүүдөгү инклюзия” түшүнүктөрү боюнча окутуучулардын билимин жогорулатуу.Жүрүм-турум, реакциялар жана окутуу стили менен көрсөтүлгөн эркек жана аял психологиясынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу жөндөмүнө үйрөтүү.Билим берүүдөгү гендердик жана инклюзивдик мамиле маселелеринде АРОКтун ишмердүүлүгүн активдүү илгерилетүү.
Маалыматтык сессиянын жыйынтыгы боюнча 36 катышуучу билим берүүдө гендердик теңчиликти кесиптик жактан сактоо көндүмдөрүнө ээ болушту.Окуучулар, ата-энелер жана калк үчүн гендердик теңчилик темасындагы презентацияларды өткөрүү методикасын өздөштүрүштү.Адам ишмердүүлүгүнүн бардык чөйрөлөрүндө гендердик жана инклюзивдик маселелер боюнча негизги билимди жана түшүнүктү калыптандырды.
Бул иш-чара Билим берүү мекемелериндеги гендердик теңчиликти жана социалдык инклюзияны түшүнүүнү жана колдоону бекемдөөгө мүмкүндүк бергенине кубанычтабыз. Бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы жана позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасагандыгы үчүн рахмат!