Жаңыланган саясаттар жана ыкмалар менен тааныштыруу жана талкуулоо боюнча жумушчу сессия

Башкаруудагы ыкмалардын өзгөрүшү жана уюмдун ишмердүүлүгүнүн өнүгүшү шартында ички саясаттарды жана жол-жоболорду өз убагында жаңыртып туруу өзгөчө мааниге ээ.

АРОКтун ички саясаттары акыркы жолу 2022-жылы бекитилген. Ошондон бери уюмдун ишмердүүлүгүнүн шарттары өзгөрүп, жаңы практикалар жана ички процесстерге карата жаңы талаптар пайда болду. Бул саясаттарды кайра карап чыгып, жаңыртуу зарылдыгын жаратты.

Өткөн жылы колдонуудагы саясаттарды кайра иштеп чыгуу боюнча алдын ала иштер жүргүзүлгөн. 24–26-июнда өткөн жумушчу сессиянын жүрүшүндө катышуучулар жаңыланган саясаттарды биргелешип карап чыгып, алардын мазмунун жана практикалык колдонулушун талкуулашты. Ошондой эле учурдагы иш шарттарын эске алуу менен бир катар тактоолорду жана сунуштарды киргизишти.

Талкуулардын жүрүшүндө саясаттардын уюмдун учурдагы милдеттерине шайкештигине жана алардын күнүмдүк ишмердүүлүктө натыйжалуу колдонулушуна өзгөчө көңүл бурулду.

Жумушчу сессиянын жыйынтыгында саясаттардын айрым жоболору такталып, негизги ыкмалар боюнча жалпы түшүнүк бекемделди. Ошондой эле жаңыланган саясаттардын уюмдун ишмердүүлүгүндө практикалык жактан колдонууга ылайыктуулугу ырасталды.