Кыргызстандагы чоңдор үчүн окуу жумалыгы. 18-24-сентябрь, 2023-жыл -күн

                      Билим берүү-бардык курактагы ийгиликтин ачкычы

18-сентябрдан 24-сентябрга чейин 2023-жылы Кыргызстанда чоңдорго билим берүү жумалыгы өтөт.Буга байланыштуу Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы флешмоб жарыялап, анда адамдар билим берүүнүн маанилүүлүгүн айтып, билим берүү алардын жашоосун кандайча өзгөрткөнүн айтып беришет.

Менин атым Зейнеп Эшмуратова, Мен “Калктын аярлуу топторун өнүктүрүү жана коргоо борбору” коомдук фондунун директорумун жана Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөсүмүн.

Чоңдорго билим берүү жумалыгы-бул жөн гана акция эмес, өмүр бою билим алуу идеясын ишке ашыруу үчүн чоң чакырык!

Чоңдорго билим берүүнүн негизги социалдык максаты-адамдын инсандык өнүгүүсүнө, анын ишмердик жөндөмдүүлүгүн, руханий дүйнөсүн жана чыгармачылык потенциалын акырындык менен байытууга көмөктөшүү. Маанилүү приоритеттүү болуп чоңдорго билим берүүнүн негизги социалдык максатына жетүү үчүн аларды аткаруу биринчи кезектеги мааниге ээ болгон милдеттер саналат. Окутуу адамды өзү үчүн да, башкалар үчүн да ылайыктуу компания кылат!

Биздин флешмобго кошулуңуз жана окуяңыз менен бөлүшүңүз!