«Аярлуу топтордун инклюзиясы: таасири, чакырыктар жана билим берүү аркылуу алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн жолдору» тегерек столу
26-сентябрь, Бишкек шаарында «Аярлуу топтордун инклюзиясы: таасири, чакырыктар жана билим берүү аркылуу алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн жолдору» темасында тегерек стол болуп өттү. Иш-чараны Кыргызстана билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция Министрлиги менен биргеликте уюштурду.

Ачып беруу сөзун Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Солтонбекова Ализа Карыпбековна айтып, аялдардын, жаштардын, мигранттардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын сапаттуу билим алуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанисин белгиледи.

Дискуссиянын модератору Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жумушка жайгаштырууга көмөктөшүү чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова болду. Ал изилдөөнүн маселелерин жакшы билгендиктен жана аны даярдоо баскычында колдоо көрсөткөндүктөн, талкууну жогорку деңгээлде алып барып, катышуучулар так сунуштарды иштеп чыгышына өбөлгө түздү.

Тегерек столго мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, аймактык жумуш менен камсыз кылуу кызматтары, иш берүүчүлөр, эл аралык жана улуттук эксперттик уюмдар, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү катышты. Ачык талкуу форматы ар кандай пикирлерди угууга жана практикалык сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди.




Жыйынтыгында катышуучулар карьералык кеңеш берүүнү күчөтүүнүн, практика багытталган курстарды өнүктүрүүнүн жана аярлуу жарандардын эмгекке интеграцияланышы үчүн шарттарды түзүүнүн зарылдыгын баса белгилешти.
