Ошто балдардын жана жаштардын билим алуусуна тоскоолдуктар талкууланды

2-апрелде Ош шаарындагы “Асман” инклюзивдик борборунда Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан уюштурулган жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Иш-чарага бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын ата-энелери жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардан турган 12 адам катышты. Катышуучулардын көпчүлүгү (11) аялдар болду.

Жолугушуунун негизги максаты жарандык коом уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана билим берүүдөгү учурдагы көйгөйлөрдү, айрыкча балдар жана жаштар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн сапаттуу билим алууга тоскоолдуктарды талкуулоо болду.