Чоңдорго билим берүү фестивалы – 2026: «Келечектин көндүмдөрү – туруктуу Кыргызстан үчүн»

2026-жылдын 17-18-апрелинде Бишкек шаарында Чоңдорго билим берүү фестивалы – 2026 өттү. Бул иш-чара чоңдорго билим берүүнүн маанисин жогорулатууга, заманбап көндүмдөрдү жайылтууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууга багытталган улуттук аянтча болду.
Азыркы учурда эмгек рыногу санариптештирүү, автоматташтыруу жана жасалма интеллекттин таасири астында тездик менен өзгөрүп жатат. Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, жакынкы жылдары көптөгөн кесиптер жана көндүмдөр трансформацияланып, жаңы компетенцияларга суроо-талап өсөт. Мындай шартта чоңдорго билим берүү жарандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, иш менен камсыз болууда жана ишкердикти өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.
Фестивалдын негизги максаты – чоңдорго билим берүүнү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу катары илгерилетүү. Иш-чара мамлекет, бизнес, билим берүү уюмдары жана жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталды.
Фестивалдын алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар уюштурулду. 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде расмий ачылыш өтүп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр жана эксперттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө чоңдорго билим берүү тармагындагы жетишкендиктер көрсөтүлүп, мыкты адистер сыйланды.

Ошол эле күнү фестивалдын негизги программасы Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук драма жана сатира театрында улантылды. Катышуучулар үчүн мастер-класстар, интерактивдүү сессиялар, билим берүү программаларынын жана бош орундардын жарманкеси уюштурулду. Санариптик көндүмдөр, жасалма интеллект, жаңы кесиптер жана иш берүүчүлөрдүн талаптары боюнча талкуулар өткөрүлдү. Ошондой эле «Мыкты визажист», «Жылдын модели» жана «ЖИ колдонуучусу» сыяктуу конкурстар катышуучулардын кызыгуусун арттырды.
Фестиваль ар түрдүү максаттуу топторду бириктирди. Ага билим алуучу чоңдор, анын ичинде жумушсуздар, аялдар жана айыл тургундары, окутуучулар, иш берүүчүлөр, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле бейөкмөт жана эл аралык уюмдар катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында чоңдорго билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдуулук жогорулап, жаңы өнөктөштүктөр түзүлдү жана окутууга кызыккан жаңы катышуучулар тартылды. Фестиваль үзгүлтүксүз билим алууну өнүктүрүү боюнча улуттук диалогду күчөтүп, инновациялык билим берүү программаларын илгерилетүүгө өбөлгө түздү.
Чоңдорго билим берүү фестивалы – 2026 өлкөдө үзгүлтүксүз билим алуу маданиятын калыптандырууга жана «жашыл» жана санариптик экономика үчүн кадрларды даярдоого багытталган маанилүү кадам болуп калды.
Иш-чара Кыргызстандагы Чоңдорго билим берүү ассоциациясы тарабынан «DVV International» уюмунун колдоосу менен уюштурулду. Фестиваль мындан ары да жыл сайын өткөрүлүп, билим берүү, эмгек рыногу жана туруктуу өнүгүү багытындагы негизги диалог аянтчасы катары өнүгүүсүн улантат.
