Баткен шаарындагы маалыматтык жолугушуу. 4-сентябрь 2023-ж.

4-сентябрь 2023-ж. Баткен шаарында жергиликтүү бей-өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен КББӨА’нын маалыматтык жолугушуусу өттү. Жолушуунун максаттары – КББӨА’нын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, маалыматтык ачыктыкты кеңейтүү аркылуу жаңы мүчөлөрдү жана өнөктөштөрдү Ассоциацияга тартуу.

Жолугушууда катышуучулар региондогу инклюзивдик билим алуу мүмкүндүгүнүн көйгөйлөрүн билдиришти жана Кыргызстанда жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү илгерилетүү үчүн бирге кызматташуу жана өнөктөштүктү кеңейтүү жолдорун талкуулашты.

Жолугушууга «Айжан» КФ Ахмедова Чинара, «Баткенский центр развития и обучения взрослых» КФ Садиков Берди, “Нур” балдар реабилитация борборунан Мамажанова Мээрим, “Үмүт шамы” майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин КБ Темирбаева Гүлнара жана Таштемирова Минавар, “Баткен жаштар ордосу” КБ Колчуев Чыңгыз, Youth of Osh КБ Баткендеги филиалынан Гайнаев Дастан, “Аруужан” КБ Абдиева Гүлжамал, «Мирные инициативы» КБ Муратов Айбек, “Үмүт” адистештирилген борборунан Каработоева Чолпон, «Дааназат» / Радио «Салам» КФ Амирова Гүлбарчын, «За международную толерантность» КФ Айжигитова Гүлнара катышты.