Кыргызстанда формалдуу эмес билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму
2024-жылдын 31-октябрында Швейцария өкмөтү каржылаган жана Helvetas тарабынан ишке ашырылып жаткан Чебер долбоорунун алкагында Кыргызстанда формалдуу эмес билим берүүнү өнүктүрүү боюнча Жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар формалдуу эмес билим берүүнү өнүктүрүүнүн мүмкүн болуучу багыттарын, ошондой эле бул жаатта мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн ортосундагы координациянын жана кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты. Талкуулар долбоордун узак мөөнөттүү максаттарына арналды, алар өмүр бою билим алууну илгерилетүүгө, кесиптик өнүгүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана коомчулуктун көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган.
Бул жолугушуу бейформал билим берүү жана аны жайылтуу маселелерин талкуулоо үчүн келечектүү аянтчанын жаралышы болду.
Формалдуу эмес билим берүү бүгүнкү күндө актуалдуу бойдон калууга, жаңы көндүмдөрдү алууга жана жеке өсүш үчүн өнүгүүгө мүмкүндүк берүүчү өмүр бою билим берүүнүн негизги формасы болуп саналат.
Бул жыйынга Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы да катышып, бардыгы үчүн формалдуу эмес билим берүүнү өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды активдүү колдоого алды.
#Бейформалбилим#ӨмүрбоюБилим#ИнсандыкӨнүгүү#ӨнүктүрүүЖанаӨнүгүү#БилимПлатформас#КесиптикӨнүгүү#Талкуу#Идеялар#Чебердолбоору#Кыргызстандабилимберүүнүөнүктүрүүассоциациясы