Оперативдүү пландаштыруу боюнча семинар

2-3-март күндөрү Бишкек Бутик отелинин конференц-залында операциялык планды иштеп чыгууга арналган семинар болуп өттү.

Иш-чарага ассоциациянын мүчөлөрү жана директорлор кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Семинардын максаты КББӨА институционалдык өнүгүүсүнө баа берүү, 2024-2026-жылдарга күн тартибин макулдашуу, 2024-жылга деталдуу планды иштеп чыгуу, ошондой эле КББӨА мүчөлөрүнүн өнүгүү артыкчылыктарын жана стратегияларын (анын ичинде окуу планын) аныктоо болду.

Семинардын жүрүшүндө биз оперативдүү пландаштыруунун маанилүү аспектилерин активдүү талкууладык, тажрыйба бөлүштүк жана келерки жылы ийгиликтүү иштөө үчүн стратегияларды иштеп чыктык.

Жыйынтык: катышуучулар топтордо иштешти , ар бир топ жылдын артыкчылыктарын талкуулашты , АРОКтун жалпы операциялык планына кире турган милдеттерди жана иш-чаралардын пландарын иштеп чыгышты .
Жолугушуунун аягында катышуучулар кайтарым байланыш анкетасын толтуруп, семинарга жогорку баа беришти.