DARYA проекти, ЕБФ: Семинар «Бүтүрүүчүлөрдү сурамжылоо жана SCAFFOLD: лицейлерди колдоо инструменттери»
2025-жылдын 25–26-февралында Бишкек шаарында «Бүтүрүүчүлөрдү сурамжылоо жана SCAFFOLD: лицейлерди колдоо инструменттери» аттуу семинар өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ) жана Европа билим берүү фонду (ЕБФ) кесиптик лицейлердин директорлорунун орун басарлары үчүн уюштурду. АРОКтун ЕБФ менен кызматташтык алкагында иш-чаранын логистикалык колдоосу жана программалык бөлүгү камсыздалды. АРОКтун аткаруучу директору доклад менен чыгып сүйлөп, программанын негизги сессияларынын бирин модерирледи.
Катышуучулар бүтүрүүчүлөрдүн сурамжылоосунун алдын ала жыйынтыктарын, алардын билим берүү программаларына тийгизген таасирин жана SCAFFOLD инструментин – окуучулардын негизги компетенцияларын өнүктүрүүгө жардам берген методикалык ыкманы талкуулашты. Ошондой эле, билим берүү программаларынын эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келиши өзгөчө көңүл чордонунда болду.
Семинарга ББИМ жана ЕБФ өкүлдөрү, лицей жетекчилеринин орун басарлары жана тренерлер катышты. Негизги жыйынтыктардын катарында бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды топтоону улантуу жана SCAFFOLD инструментин окутуу процессине интеграциялоо зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү ишке орношуусу үчүн мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин жана иш берүүчүлөрдүн кызматташуусу маанилүү экени айтылды.Биргелешкен аракеттер кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатып, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна ийгиликтүү адаптация болушуна өбөлгө түзөт.
#БилимКР #КесиптикБилим #ЕБФ #SCAFFOLD #Өнүгүү #ЛицейлердиКолдоо