«ЧЕК АРАСЫЗ ӨЗ АРА ҮЙРӨНҮҮ: ТАЖИКСТАН ЖАНА КЫРГЫЗСТАН БИРГЕ» — ДУШАНБЕДЕГИ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ВИЗИТИ
2025-жылдын 18–20-сентябрында Душанбе шаарында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы (АРОК) менен Тажикстандагы билим берүү боюнча ӨЭУлар альянсы (АОТО) ортосунда тажрыйба алмашуу визити болуп өттү. Иш-чара «Чек арасыз өз ара үйрөнүү: Тажикстан жана Кыргызстан бирге» деген ураан алдында өтүп, аймактык кызматташтык менен өз ара тажрыйба алмашуунун жаркын мисалы болду.

АРОК делегациясы өзүнүн мүчө уюмдары — «Смайл.KG» коомдук фонду жана КАОВ — жүргүзгөн ишмердүүлүктү тааныштырды. Ал эми тажик өнөктөштөр инклюзивдик билим берүүдө колдонулуп жаткан ресурстук класстар, БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын илгерилетүү жана кесиптик даярдоо программалары боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
Программага 28-мектептин алдында иш алып барган ресурстук борборго, Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясына жана Чоңдордун билим берүүсү боюнча Республикалык борборго баруу кирген. Катышуучулар бул жактарда өмүр бою билим алуу багытындагы инновациялык ыкмалар менен таанышышты.



Визиттин жыйынтыгында АРОК менен АОТО ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлуп, анда 2026-жылы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу каралган.
Бул иш-чара Кыргызстан менен Тажикстандын өнөктөштүгүн чыңдоодо маанилүү кадам болуп, жарандык коом уюмдарынын байланыштарын бекемдеп, инклюзивдик жана туруктуу билим берүүнү өнүктүрүү боюнча келечектеги демилгелер үчүн негиз түздү.