АРОКтун мүчөлөрүнүн биргелешкен жолугушуусу – 15-17-январь 2026-ж.

15–17-январь күндөрү аналитикалык практикаларды өнүктүрүүгө, маалыматтар менен иштөөгө жана кесиптик ишмердүүлүктө жасалма интеллект (ЖИ) куралдарын колдонууга арналган АРОКтун мүчөлөрүнүн биргелешкен жолугушуусу болуп өттү.

Сессияга биргелешкен окутуунун толук циклин өткөн Ассоциациянын мүчөлөрү, ошондой эле программага мурда катышпаган, бирок аналитикалык, коммуникациялык жана долбоордук компетенцияларын өнүктүрүүгө кызыкдар болгон кесиптештер катышты. Мындай курам программанын жыйынтыктарын ички тажрыйбанын негизинде гана эмес, сырткы кесиптик жана башкаруучулук көз караштан да кароого мүмкүнчүлүк берди.

Үч күндүн ичинде катышуучулар:

-аналитикалык жазууларды сунуштап, аларды жыйынтыктап иштеп чыгышты;

-жасалма интеллектти аналитикалык жана эксперттик ой жүгүртүүнү колдогон инструмент катары колдонушту;

-маалыматтарды визуалдаштыруу жана аналитикалык жыйынтыктарды мазмундук жактан таңгактоо практикаларын өздөштүрүштү;

-аналитикалык продуктыларды питчинг кылуу;

-биргелешкен окутууну АРОКтун ишмердүүлүгүндөгү ыкма жана инструмент катары талдап чыгышты;

-биргелешкен окутуу программаларын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

Биргелешкен окутуу форматына өзүнчө көңүл бурулуп, анын күчтүү жактары, чектөөлөрү жана АРОКтун аналитикалык, долбоордук жана координациялык ишинде туруктуу колдонулушунун шарттары талкууланды. Сессиянын жыйынтыгында келечектеги АРОКтун биргелешкен окутуу программаларынын негизин түзө турган негизги принциптер жана талаптар аныкталды.