«Келечектин векторлору: Кыргызстанда улуулар үчүн окуу жана билим берүүнү өнүктүрүүнүн багыттары» форсайт-сессиясы
7-октябрда АРОК тарабынан Чондорго билим берүү 5-Декадасынын алкагында «Келечектин векторлору: Кыргызстанда улуулар үчүн окуу жана билим берүүнү өнүктүрүүнүн багыттары» аттуу форсайт-сессия өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты – коомдун муктаждыктарына жана заманбап чакырыктарга ылайык, чондор үчүн окуу жана билим берүү системасын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча жалпы көрүүнү түзүү болду. Күн бою мамлекеттик структуралардын, билим берүү уюмдарынын, коммерциялык эмес сектордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү глобалдык жана жергиликтүү өзгөрүүлөрдү талкуулашты, негизги катышуучулардын ролун анализ кылышты жана окууну жеткиликтүү, заманбап жана туруктуу кылуунун жолдорун биргелешип издешти.




Сессияны 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар методолог, медиатренер жана андрагог Ирина Чистякова алып барды. Катышуучулар пикир алмашып гана тим болбостон, ошондой эле «Чондор үчүн билим берүүнүн келечеги» деген өнүгүү багыттарын аныкташты, алар бул чөйрөнү өркүндөтүү үчүн кийинки кадамдарда негиз болот.

Иш-чара мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелери, коммерциялык эмес уюмдар жана өнөктөштөрдүн баарынын биргелешкен эмгеги Кыргызстанда чондор үчүн туруктуу жана ачык билим берүү системасын курууга мүмкүндүк бергенин тастыктады. Бул система учурдагы чакырыктарга жана коомдун муктаждыктарына жооп берет.