Чек арасыз өз ара үйрөнүү: Кыргызстан жана Тажикстан бирге
2025-жылдын 30-июнунан 1-июлуна чейин Бишкек шаарында билим берүү тармагында иш алып барган Кыргызстан менен Тажикстандын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн эки күндүк жолугушуусу өттү. Иш-чарада эки өлкөнүн делегациялары өз ассоциациялары — Кыргызстандагы Билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы (АРОК) жана Тажикстандагы “ОГО үчүн Билим берүү Ассоциациясы” (АОТО) — менен тааныштырышты.

Бул иш-чара ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүшүүгө, инклюзивдүү билим берүүнү илгерилетүү боюнча ыкмаларды талкуулоого, командалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана туруктуу өнөктөштүктү түзүүгө шарт түздү.

Программа алкагында катышуучулар «Рука в руке»» коомдук бирикмесин кыдырышып, уюмдун ишмердүүлүгү жана борбору менен таанышышты. Биз балдар жана алардын үй-бүлөлөрү менен иштөөдө командасынын кесипкөйлүгүн жана системалуу мамилесин, ошондой эле инклюзивдүү билим берүүнүн өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымын жогору баалайбыз.«Рука в руке»» командасына жылуу кабыл алуу, ачык мамиле жана тажрыйба бөлүшүүгө даярдыгы үчүн өзгөчө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул бардык катышуучулар үчүн дем-күч жана баалуу маалымат булагы болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында АРОК менен АОТОнун ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлуп, бул билим берүү тармагындагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн символу болду.

Бул визит билим берүү саясатын түзүүдө жана көзөмөлдөөнү камсыз кылууда жарандык коомдун катышуусун кеңейтүүгө багытталган глобалдык демилге — Education Out Loud (EOL) долбоорунун алкагында уюштурулду.