Step Up долбоорунун аякташы: Кыргызстандагы аяр балдар жана жаштар үчүн үч жылдык колдоо
2025-жылдын 16-майында Бишкек шаарында Rural Development Fund коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган Step Up долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарада үч жылдык иштердин жыйынтыгы чыгарылып, долбоордун негизги жетишкендиктери жана катышуучулардын таасирдүү ийгилик окуялары сунушталды.

Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан билим берүү мекемелеринин, интернаттардын, реабилитациялык борборлордун, кесиптик лицейлердин, кризистик борборлордун жана жаштар менен балдарды оор турмуштук кырдаалдарда колдогон жарандык коом уюмдарынын жетекчилери катышты.
Бул долбоордо АРОКтун өкүлү катары АРОКтун мүчөсү,Профтех.Кейджи коомдук бирикмесинин жетекчиси Орозакунова Бегайым катышып, Координациялык кеңештин төрайымы болуп үч жылдык мөөнөткө шайланган. Бегайымдын мобилдүүлүгү, ийкемдүүлүгү жана жоопкерчиликтүү иши, ошондой эле АРОК уюмунун жалпы салымы жогору бааланып, ыраазычылык каттар тапшырылды.

Step Up долбоору аяр балдар жана жаштардын потенциалын өнүктүрүүгө жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Үч жыл ичинде:
- 18 мамлекеттик жана жарандык уюм долбоордон пайдаланды
- кесиптик лицейлер компьютердик класстар, тигүү, кир жуучу жана бакча жабдуулары менен камсыздалды
- оор турмуштук кырдаалдагы 1000ден ашуун бала жана жаш колдоо алды
- бейөкмөт уюмдар үчүн материалдык-техникалык колдоо менен Start Up программасы ишке ашырылды
Биз өкүлүбүздүн бул маанилүү долбоорго кошкон салымын сыймыктануу менен белгилеп, өнөктөштөрүбүзгө ишеним жана биргелешкен кызматташтык үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
