Чоңдорго билим берүү фестивалы – 2025

17-апрелде Жалал-Абад шаарында Чоңдорго билим берүү фестивалы болуп өттү. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара Кыргызстанда бейрасмий жана үзгүлтүксүз билим берүүнүн өнүгүшүн жана жайылышын колдоого багытталган.

Фестиваль алкагында билим берүү кызматтарынын жарманкеси, мастер-класстар, маданий программа, илимий көрсөтмөлөр жана диалогдук аянтчалар уюштурулуп, билим алуу ар бир жаран үчүн жеткиликтүү, ар түрдүү жана кызыктуу болуусуна өбөлгө түздү.

Иш-чара өлкөнүн региондору боюнча эстафета форматында өткөрүлүп, өмүр бою билим алуунун маанисине коомчулуктун көңүлүн бурат. Фестивалдын уюштуруучусу — Кыргызстандагы чоңдордун билим берүү ассоциациясы (КАОВ), ал Билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын (АРОК) мүчөсү болуп саналат.

Фестивалдын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен АРОКтун аткаруучу директору жана КАОВдун аткаруучу директору билим берүүнүн өнүгүшүнө жана үзгүлтүксүз билим алууну илгерилетүүгө кошкон салымы үчүн сыйланышты.

18-апрелде фестивалдын алкагында «Чоңдор үчүн жеткиликтүү билим берүү: региондордогу өнүгүү жолдору» аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чарада АРОКтун программалык ассистенти «Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бейрасмий билим берүү: муктаждыктар, тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр» темасындагы баяндамасы менен чыкты. Бул презентация АРОК 2024-жылы жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгына негизделген.

АРОК аталган тегерек столдун өнөктөшү катары чыгып, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана инклюзивдүүлүгү боюнча маселелерди колдоду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тажрыйба алмашып, билимге жетүүнүн практикалары, чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындай демилгелер билим берүү тармагында инклюзивдүү ыкмаларды өнүктүрүүгө жана ар бир жаран үчүн билим алуу жана өнүгүү укугу тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга салым кошот.