2023-жылы 11-май Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанда 2021-2022 жж. Туруктуу ѳнүктүрүү максаттарын (ТѲМ-4) ишке ашырууну карап чыгуу боюнча Билим берүү министрлиги, мэрия ѳкүлдѳрүнүн жана кѳз карандысыз серепчилердин катышуусу менен тѳгѳрѳк стол ѳткѳрдү.
Кыргызстанда 2021-2022 жж. ТѲМ-4’тү ишке ашырууну карап чыгуу – билим берүү чѳйрѳсүндѳгү жетишкендиктерди жана кѳйгѳйлѳрдү талдоо үчүн даярдалган 3-отчёт. Анын негизги милдети – мамлекеттин жана жарандык коомдун ТѲМ-4’тү ишке ашырууда биргелешүүнүн мүмкүнчүлүктѳрүнѳ кѳңүлүн буруу. Отчётто билим берүү чѳйрѳсүндѳгү мамлекеттин расмий саясаты жана анын коомдо, экономикада жана айлана чѳйрѳдѳгү болгон ѳзгѳрүүлѳрдү эске алуу менен ТѲМ-4’түн маселелерине дал келүүсүнүн талдоосуу жүргүзүлгѳн.
Отчётто Кыргызстанда ТѲМ-4’тү ишке ашурууга багыттылган стратегиялардын жана саясаттардын каралып чыгуусу жана отчётту даярдоо учурунда аныкталган негизги кѳйгѳйлѳрдү баяндоо, билим берүүдѳ болгон жетишкендиктерди жана ошондой эле Кыргызстанда ТѲМ-4’тү ишке ашыруу боюнча сунуштар берилген.
Отчёт Кыргызстандагы билим берүүнү ѳнүктүрүү маселелери жана ТѲМ-4’тү ишке ашыруу менен алектенген мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын ѳкүлдѳрүнѳ, билим берүү уюмдарына, эл аралык, бей-ѳкмѳт уюмдарга жана эксперттик коомчулукка арналган