Asia South Pacific Association for Basic and Adult Education (ASPBAE) — Азия жана Тынч океан аймагындагы баарына билим берүү, чоңдорду окутуу жана өмүр бою билим алуу багытында иш алып барган жарандык коом уюмдарынын аймактык тармагы.
ASPBAE улуттук жана аймактык билим берүү уюмдарын бириктирип, билим алууга болгон укукту илгерилетүүгө, билим берүү саясатын иштеп чыгууга жарандык коомдун катышуусун кеңейтүүгө, инклюзивдүү жана адилеттүү билим берүү системаларын өнүктүрүүгө багытталган.
АРОК ASPBAE тармагынын мүчөсү болуп саналат жана билим берүү системаларын чыңдоого жана жарандык коомдун ролун күчөтүүгө багытталган аймактык жана эл аралык демилгелердин алкагында кызматташат.