Кыргызстанда чоңдорду окутуу декадасы аяктады!
Бул 10 күн интенсивдүү жана шыктандыруучу болду! Биздин фейсбуктагы декадалык посттордун каралуусу 10,000 ден ашуун адамга жеткенин жарыялоого кубанычтабыз. Бул жөн гана сандар эмес — бул чоңдор үчүн окутуу маанилүү жана суроо-талапка ээ экендигин тастыктайт.
Флешмобго активдүү катышкан, өз пикирлери жана тажрыйбалары менен бөлүшкөн мүчөлөрүбүзгө өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Сиздин окуяларыңыз көпчүлүктү шыктандырып, билим чындыгында жаңы ийгиликтерди жаратып, кыялдарга жетүүгө жардам берет!Жаңы нерселерди үйрөнүү эч качан кеч эмес экенин унутпаңыз! Кайсы жашта болсоңуз да, үйрөнүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат жана алдыга жылууга жардам берет.
Биздин ураан өзү айтып тургандай :” Чоңдор кыялдардын орундалышын үйрөнүшөт ” — бул жаңы билимге жана жетишкендиктерге жетүү жолунда сиздин урааныңыз болсун.Үйрөнүңүз, шыктаныңыз жана ар дайым кыялыңызга жетиңиз!