“Бардыгы билим үчүн-бардыгы үчүн билим берүү” V Улуттук Форуму
🟩 25-октябрь, 2023 – ж.Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы “Бардыгы билим алуу үчүн-бардыгы үчүн билим берүү” V улуттук форумун өткөрдү, ага КР Президентинин Администрациясынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, ар кандай билим берүү мекемелеринин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
🟧 ТӨМ-4кө жетишүү боюнча билим берүүнү трансформациялоого дем берүү үчүн кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү болуп саналат.
Милдеттери:
-Кыргызстанда ТӨМ-4кө жетишүү боюнча жетишилген прогрессти талкуулоо.
-ТӨМ-4кө жетүү максатында жайылтуу мүмкүнчүлүгү үчүн Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ийгиликтүү тажрыйбаларды көрсөтүү.
-Бардык кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсүн талкуулоо жана ТӨМ-4кө тездетилген жетишүү үчүн мамилелерди сунуштоо.
🟨 Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 2018, 2019, 2021-жылдары өткөрүлгөн ТӨМ-4ти ишке ашыруу боюнча улуттук форумдар ТӨМ-4ти илгерилетүү максатында мамлекет менен жарандык сектордун ортосундагы диалог үчүн аянтча болуп калды. Форумдун катышуучулары билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү жана сапаттуу билим алууга адилеттүү жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча тажрыйба алмашышты.