Тренинг “Бюджет жана бюджеттик адвокация”
27 September 2023
26-сентябрь 2023-ж. Баткен шаарында «Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси «Бюджет жана бюджеттик адвокация» темасындагы тренинг өткөрдү.
Тренингге Баткен шаарынын билим берүү департаментинин, бей-өкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар тренинг кызыктуу түшүнүктүү жана пайдалуу болгонун белгилеп, келечекте бул сыяктуу тренингтердин өткөрүлүүсүн сунуштады.