Билим берүү тармагына биргелешип сереп салуу жыйыны 2025

26–27-февралда Билим берүү тармагына биргелешип сереп салуу жыйыны өттү – бул билим берүү тармагындагы реформалар жана стратегиялар боюнча негизги аянтча болуп саналат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында “Алтын Казык” Билим берүүнү трансформациялоо программасын ишке ашыруу жана билим берүү демилгелерин мониторингдөө сыяктуу негизги маселелер талкууланды.АРОКтун аткаруучу директору Баширова М.И. жарандык коомдун атынан “Билим берүүнү трансформациялоо үчүн жарандык коом уюмдарынын демилгеси” деген темада баяндама жасап, жарандык коом уюмдарынын билим берүү процессиндеги орду жөнүндө маалымат берди.

Биз төмөнкү кесиптештерибизге ыраазычылык билдиребиз:

– “Тынчтык жана өнүгүү институту” коомдук фондуна Тынчтык клубдарын жайылтуу боюнча демилгеси үчүн. Бул — окуучулардын жашоого керектүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана чоң жашоого даярдоого багытталган сабактан тышкаркы иш-чаралардын модели. Иштин негизги багыттарынын бири – Тынчтык клубдары, алар – коомчулук деңгээлинде тынчтык маданиятын жана зомбулуксуз жашоону жайылтууну көздөгөн окуучулардын, студенттердин, мугалимдердин жана жергиликтүү лидерлердин ыктыярдуу бирикмелери.

– Teach for Kyrgyzstan “Заманбап мугалим” демилгеси үчүн, бул 65 өлкөдө ишке ашырылып жаткан глобалдык программа болуп саналат. Ал жергиликтүү жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын мыкты бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик мектептерде иштөөгө тартууга багытталган. Ошондой эле,программа педагогикалык практикага дуалдык окутуу элементтерин пилоттук негизде киргизүү менен алектенет.

– “Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору” коомдук фондуна “Квалификациялуу ата-эне мектебин” ишке ашыргандыгы үчүн. Бул демилге ата-энелердин педагогикалык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.Билим берүү тармагындагы сапатты кепилдөө агенттиги EdNetке мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча онлайн-комплекстүү программасын иштеп чыккандыгы үчүн. Бул программа заманбап билим берүү темаларын камтыйт, анын ичинде мугалимдердин билим берүү процессинде жасалма интеллектти колдонушу да бар.

– “Смайл.Кейджи” коомдук фондуна “Асман” маданий-билим берүү инклюзивдик борборун түзгөндүгү үчүн. Бул борбор мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жаштар үчүн билим берүү жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат.Билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган маанилүү демилгелер үчүн өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз жана билим берүүнү бардыгы үчүн жеткиликтүү кылуу боюнча мындан аркы биргелешкен ишибизге үмүттөнөбүз.

#СОС2025 #БилимБерүүКР #БилимБерүүнүТрансформациялоо #ЖарандыкКоом