2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын долбоорун талкуулоо боюнча улуттук консультациялар

2024-жылдын 29-октябрында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында 2025–2027-жылдарга Улуттук иш-аракеттер планынын (УИП) долбоорун талкуулоо боюнча улуттук консультацияга катышты. 

Иш-чара КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат боюнча координатору тарабынан демилгеленген. 

Консультацияларга мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом, эл аралык уюмдар жана эксперттер катышты.

Жыйындын негизги максаты беш артыкчылыктуу багытты камтыган жаңы планга киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо болду: аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, маданий саясат, дискриминацияга каршы, аялдардын саясий катышуусу жана жөнгө салуу саясаты. Жаңы план ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө жана санариптештирүүгө байланышкан гендердик маселелерге да көңүл бурат.

#ГендердикТеңдик #УлуттукАракетПланы #Инклюзия #АялдардынУкуктары #СоциалдыкИнтеграция #Билим #БирдейМүмкүнчүлүк #ГендердикСаясат #Кыргызстан #КоомдуӨнүктүрүү