Эл аралык жаштар форуму: Борбор Азия жаштары тынчтык, кызматташтык жана келечек үчүн

29-31-майда Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Түркиядан келген жаш лидерлерди жана активисттерди бириктирген “Достук, тынчтык жана кызматташтык – жаштардын келечеги үчүн” аттуу Эл аралык жаштар форуму өттү.

Бул форум АРОКтун мүчөсү болгон “Медиа Рай” коомдук фонду тарабынан, Ассоциациянын колдоосу менен уюштурулду. Региондогу жаштар арасындагы диалогду, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну бекемдөөгө багытталган мындай маанилүү иш-чаранын өнөктөшү болуу – биз үчүн сыймык.

Форумдун тематикасы АРОКтун негизги багыттарына дал келет – инклюзивдүү жана сапаттуу билим берүүнү, тынчтыктын, адам укуктарынын жана глобалдык жарандыктын баалуулуктарын илгерилетүү. Бул аракеттер Туруктуу өнүгүүнүн 4-максатынын 4.7-кичи максатын ишке ашыруу контекстинде ишке ашырылууда.

Биз мүчөлөрүбүздүн жаштарды коомдук процесстерге тартуу жана туруктуу, инклюзивдүү келечекти куруу багытындагы демилгелерин дайыма колдоп келебиз.