Кыргызстанда чоңдорго билим берүү декадасы 1-10-октябрь, 2024-ж.
30 September 2024
Бүгүн , 1-октябрда Кыргызстанда чоңдорго билим берүүнүн декадасы башталат! Биз бул маанилүү окуяга кубаныч менен кошулуп, өмүр бою туруктуу билим алуунун маанилүүлүгүн баса белгилейбиз. Адамдар каалаган куракта үйрөнүп, кыялдарын аткара алышат!
Бул декадага карата биз флешмоб баштайбыз, анда кызыктуу посттор, ийгиликтүү тажрыйбалар жана адамдар билим берүүнүн маанилүүлүгү жана окуу аркылуу өз кыялдарын кантип ишке ашыргандыгы жөнүндө айтып берген видеолор менен бөлүшөбүз.
Декаданын урааны:”Чоңдор кыялдарын орундатыш үчүн окушат”.
Бизге кошулуңуз, окуяларыңыз менен бөлүшүңүз жана үзгүлтүксүз билим берүү кыймылын колдоңуз!