«Чебер» долбоорунун жумушчу тобунун жыйыны

8-апрелде Кыргыз Республикасындагы формалдуу эмес кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча Иштөө тобунун экинчи жыйыны болуп өттү. Иштөө тобу «Чебер» долбоорунун алкагында иш алып барууда.

Жыйынга АРОКтун мүчөсү , КАОВдун аткаруучу директору Гүлжамал Уркунбаева жана АРОКтун аткаруучу директору Масума Баширова катышты.

Жыйындын жүрүшүндө «Билимдеги инновациялар: формалдуу эмес билим берүүнү өнүктүрүүдө жана трансформациялоодо иш берүүчүлөр жана бизнес-ассоциациялар – негизги күч» аттуу Улуттук форумдун жыйынтыктары талкууланды. Бул форум мамлекеттик органдар, бизнес жана жарандык коом ортосундагы кызматташууну бекемдөө үчүн маанилүү платформа болду.

Катышуучулар GO модели боюнча ишке ашырылган кыска мөөнөттүү курстар менен таанышып, бул тажрыйбаны мындан ары өнүктүрүү боюнча кадамдарды талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Көз-карандысыз сертификация жана валидация борбору менен «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле Иштөө тобунун иш планы бекитилди.

АРОК инклюзивдик мамилеге көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. АРОК тарабынан жүргүзүлгөн акыркы изилдөөгө ылайык, учурда формалдуу эмес окутуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кабыл алууга даяр эмес. Инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу бардык программаларда жана курстарда негизги принциптердин бири болушу керек.

«Чебер» долбоорунун алкагында өтүп жаткан жыйындар пикир алмашууга жана формалдуу эмес билим берүү тармагындагы актуалдуу көйгөйлөргө чечим издөө үчүн натыйжалуу аянтча болууда.

АРОК бардыгы үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде формалдуу эмес билим берүү жаатына дагы салым кошууну улантат.