АРОК «Санариптештирүү, алгоритмдер жана жасалма интеллект доорунда жаштардын жана чоңдордун билим берүүсүн трансформациялоо» аттуу эл аралык конференцияда
24–26-ноябрда Лаосто «Санариптештирүү, алгоритмдер жана жасалма интеллект доорунда жаштардын жана чоңдордун билим берүүсүн трансформациялоо» аттуу эл аралык конференция өттү.
ASPBAE, DVV International, ICAE жана ЮНЕСКОнун өкүлдөрү уюштурган бул иш-чарага Азия–Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн катышуучулары чогулуп, санариптик технологиялар менен алгоритмдик платформалар билим берүүгө, ишке орношууга жана адамдардын көндүмдөрүнө кандай таасир тийгизип жатканын талкуулашты.
АРОК үчүн мындай аянтчалар — системдүү иштин бир бөлүгү. Алар чоңдорду окутуу тармагындагы глобалдык тенденцияларды көзөмөлдөөгө гана эмес, чоңдордун билим берүүсү (ALE), санариптик сабаттуулук жана XXI кылымдын көндүмдөрү боюнча калыптанып жаткан саясаттык багыттарда Кыргызстандын позициясын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Конференциянын маанилүү учурларынын бири — «Азия–Тынч океан регионундагы жаштардын ЖИни билим берүүдө колдонуу боюнча көз карашы» аттуу сессия болду. Быйыл АРОК бул сессияда жаштардын үнүн угузуу үчүн, Ассоциациянын ыктыярчысы Семён Рогожинди жиберди.
Семён АРОКко санариптик иштерде жардам берип келет: видео монтаж, текст макеттөө, дизайн жана башка техникалык тапшырмалар. Учурда ал ЖОЖдо гейм-дизайн боюнча окуйт, англис тилин эркин билет, анын конференцияга катышуусу Ассоциацияга кошуп жаткан салымынын табигый уландысы болду.
АРОКтун аткаруучу директору Масума Баширова жаштар компонентине катышуунун маанисин мындайча түшүндүрдү:
«Билим берүү темасы жаштарга да, чоңдорго да тиешелүү болсо — экөөнүн тең үнүн угуу зарыл. Биз Семёнду көрсөттүк, анткени АРОК дүйнөдө эмне болуп жатканын көргүсү келет жана өз багытын салыштырып туруусу маанилүү. Эл аралык талкууларда сөз алгысы келген жаштарга тил билүү, санариптик көндүмдөр, коммуникация, анализ жана көйгөйлөрдү так формулировкалоо керек».
Жаштар панелинде сүйлөп жатып, Семён Кыргызстандагы бир нече байкоолорун бөлүштү:
«Санариптештирүү Кыргызстанга абдан тез келди — улуураак муун ага толук түрдө адаптация болууга үлгүрбөй калды. Жаштар көбүрөөк ыңгайлашты, бирок башка көйгөй пайда болду — санариптик сабаттуулук. Сынчыл ой-жүгүртүүнүн жетишсиздиги адамдарды фейктерге алданууга алып келет, ал эми санариптик теңсиздик билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн ажырымын дагы да кеңейтүүдө».
Ал ЖИнин ролу жана аны этият колдонуу зарылчылыгы жөнүндө да айтты:
«Жаштар мектеп жана университет программаларына барган сайын канааттанбай, өздөрүнө кызыксыз болгон иштердин бардыгын ЖИге жүктөй баштады. Айрымдары минималдуу аракет кылып, изилдөө жүргүзбөй, натыйжада эч нерсе үйрөнбөй жатышат. Буга кыргыз тилиндеги сапаттуу билим берүү ресурсунун тартыштыгы кошулат.
ЖИ пайдалуу курал боло алат, бирок адамдын өзү активдүү катышканда гана. ЖИти колдонууда диапазон бар: бир тарабында — баарын өзүң жасайсың, бул көп убакыт талап кылат; экинчи тарабында — баарын ЖИ жасайт, ошондо сенин көндүмдөр өнүкпөйт. Баланс табуу маанилүү, технологиялар жардамчы болушу керек, бирок адамды алмаштырбашы керек».
Жаштар сессиясында көтөрүлгөн темалар конференциянын жалпы күн тартиби менен түздөн-түз байланышта болду. ЮНЕСКО жана ICAE адистери алгоритмдердин коркунучтары, ой-жүгүртүүнүн бир өңчөй болуп калышы, санариптик теңсиздиктин күчөшү жана жаштар менен чоңдор арасында сынчыл жана медиасабаттуулукту өнүктүрүү зарылчылыгы жөнүндө талкуулашты.
АРОК үчүн мындай талкууларга катышуу практикалык мааниге ээ: алар кесиптик байланыштарды бекемдөөгө, жакынкы жылдары кайсы компетенциялар талап кылынарын түшүнүүгө жана чоңдорду окутууну Кыргызстанда туруктуу, заманбап жана элдин реалдуу муктаждыктарына ылайыкташкан кылууга жардам берет.
Ассоциация санариптештирүү жана жасалма интеллект мүмкүнчүлүк жараткан, өнүгүүгө жол ачкан инструменттер болушу үчүн ишин улантат. Бул процессте дүйнөлүк коомчулук менен тең ата сүйлөшө алган жаштар АРОК үчүн маанилүү таяныч болуп саналат.