AРОК ASPBAEнин 9-Башкы Ассамблеясында: Трансформациялоочу билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы

AРОК ASPBAEнин 9-Башкы Ассамблеясына жана Регионалдык стратегиялык пландоо сессиясына катышты.

2024-жылдын 25-ноябрынан 28-ноябрына чейин биз Вьетнамдын Дананг шаарында өткөн 9-ASPBAEнин Башкы Ассамблеясына жана Регионалдык стратегиялык пландоо сессиясына катыштык.

Иш-чарага 24 өлкөдөн 100дөн ашык катышуучу , ASPBAE мүчө уюмдарынын жана өнөктөштөрүнүн өкүлдөрүн чогултту. Жыйындын негизги максаты уюмдун ишинин жыйынтыгын чыгаруу, 2025-2028-жылдарга стратегиялык планды талкуулоо жана бардыгы үчүн сапаттуу билимге болгон укукту илгерилетүү боюнча ASPBAEнин 60 жылдык мааракесин белгилөө болду.

Иш-чаранын негизги жыйынтыктары:

  • Улуттук консультациялардын жана кластердик жолугушуулардын жыйынтыктарынын негизинде ASPBAE жакынкы үч жылга стратегиялык багыттары белгиленет.
  • Трансформациялык билим берүү демилгелерин колдоо жана маргиналдуу топтордун укуктарын коргоо максатында тренингдер өткөрүлдү.
  • Жаштар тарабынан дискриминацияны жоюу жана билимге бирдей мүмкүнчүлүктү камсыздоо боюнча сунуштар айтылды.
  • ASPBAE аткаруу кеңешинин курамы жаңыртылды.

Бул маанилүү иш-чарага катышуубуз дүйнөлүк билим берүү максаттарын ишке ашырууга салым кошууга жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну бекемдөөгө мүмкүндүк берет.