«Өсүүнүн келечеги: уюмдардын туруктуу өнүгүүсү жана өнөктөштүк» аттуу AРОК мүчөлөрү үчүн тренинги
25–27-август күндөрү АРОК «Өсүү келечеги: уюмдун туруктуу өнүгүүсү жана өнөктөштүк» аттуу үч күндүк тренинг өткөрдү. Тренинг АРОКко мүчө уюмдардын потенциалын чыңдоого жана алардын лидерлик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган.



Программага АРОКко мүчө болгон уюмдардын 12 өкүлү катышып, өз уюмдарынын ишинин туруктуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган практикалык инструменттерди алышты.
Кайтарым байланыш боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында, катышуучулардын бардыгы тренингге катышуу тажрыйбасын оң баалашты. Окутуунун мазмуну «мыкты» жана «жакшы» деп бааланды (66,7% — 5 балл, 33,3% — 4 балл). Топтук талкуулар жана иш сессиялары эң жогорку баалардын 77,8%ын, ал эми тажрыйба алмашуу жана баарлашуу мүмкүнчүлүктөрү 88,9% «мыкты» деген баага ээ болду. Жалпысынан, сурамжылоонун жыйынтыктары катышуучулардын канааттануусунун жогорку деңгээлин жана тренингдин практикалык маанисин тастыктайт.
Катышуучулар алган билимдерин өз уюмдарында колдонуп, конкреттүү демилгелерди ишке ашырат деп күтөбүз. Бул иш-аракеттердин жыйынтыктары жана мисалдары декабрда өтө турган АРОК мүчөлөрүнүн алдыдагы жыйынында талкууланат.