“Билим берүү, предметтик стандарттардын жана окуу-методикалык комплекстердин дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизасынын методологиясы” тренинги
12 June 2024
10-11-июнь күндөрү “Смарт” отелинин конференц-залында “Билим берүү, предметтик стандарттардын жана окуу-методикалык комплекстердин басмырлоого каршы жана гендердик экспертизасынын методологиясы”темасында тренинг болуп өттү.
Тренингдин максаты :
- Катышуучуларды дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизанын концептуалдык негиздери жана методологиясы менен тааныштыруу.
- Билим берүү стандарттарында жана ОУКТА адам укуктары, гендер, социалдык инклюзия жана басмырлабоо маселелерин эске алуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнүүнү жогорулатуу.
- Дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизанын инструменттерин колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү.
Тренингге Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын (АРОК) мүчөлөрү жана катчылыгы катышты.
Тренингдин катышуучулары анын пайдалуулугун жана маалыматтуулугун белгилеп кетишти.
Тренерлер Зульфия Көчөрбаева менен Бактыгүл Исланбековага ыраазычылык билдиребиз.
Алардын кесипкөйлүгүнүн аркасында тренингдин катышуучулары өз ишинде колдоно ала турган баалуу билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушту.