Борбордук Азиядагы беш күндүк потенциалды өнүктүрүү жана билим берүүнү трансформациялоо иш-чарасы

2025-жылдын 10–14-ноябрында Борбор Азияда биринчи жолу «Улуттук билим берүү коалициялары жана билим берүү активисттери үчүн ой жүгүртүү жана потенциалды өнүктүрүү» аттуу Борбор Азия окутуу иш-чарасы өткөрүлдү. АРОК кабыл алуучу уюм катары Молдова, Тажикстан, Монголиянын улуттук коалицияларын, ошондой эле OXFAM жана ASPBAE секретариаттарынын өкүлдөрүн тосуп алуу жана иш-чараны өткөруу сыймыгына ээ болду.

Беш күнгө созулган интенсивдүү программа региондун ар кайсы өлкөлөрүнөн келген катышуучуларды тажрыйба алмашуу, билим берүүдөгү көйгөйлөрдү талдоо жана өнүгүү стратегияларын иштеп чыгуу үчүн бириктирди. Биринчи күн таанышууга, актуалдуу маселелерди талкуулоого жана окуунун жалпы максаттарын аныктоого арналды.

Андан кийинки күндөр практикалык көндүмдөргө багытталды: катышуучулар билим берүү демилгелерин пландаштыруу жана ишке ашыруу ыкмаларын үйрөнүштү, максаттуу топтордун муктаждыктарын талдап, долбоорлорду иштеп чыгып, алардын натыйжалуулугун баалашты. Программада интерактивдүү сессиялар, топтук иштер жана билим берүү мекемелерине жана демилгелүү долбоорлорго уюштурулган топтук сапарлар өзгөчө орун ээлеп, катышуучуларга программалардын практикалык жүзөгө ашырылышын байкоого, пайда болгон кыйынчылыктарды талкуулоого жана өз ишмердүүлүгү үчүн шыктанууга мүмкүнчүлүк берди.

Акыркы күн жыйынтык рефлексиясына арналды: катышуучулар алган билимин системалаштырып, жаңы ыкмаларды практикада колдонуу боюнча пландарын белгилешти жана региондогу кесиптештери менен профессионалдык байланыштарды бекемдешти.

Иш-чара көрсөткөндөй, күч-аракеттерди бириктирүү, тажрыйба алмашуу, практикалык байкоолор жана улуттук коалициялар менен билим берүү активисттеринин компетенцияларын системалуу өнүктүрүү Борбор Азияда билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем негиз түзөт.

АРОК үчүн мындай иш-чараны кабыл алуу жана өз тажрыйбасы менен бөлүшүү чоң мааниге ээ болуп, региондук кызматташтыкты чыңдоого жана окутуудагы инновациялык ыкмаларды илгерилетүүгө салым кошту.