КР ББИМнин улуттук мектептик билим берүү моделин ишке ашыруу боюнча долбоорлоо семинары (2024–2028).
2025-жылдын 7-8-февралында 2024–2028-жылдары мектептик билим берүүнүн улуттук моделин этап-этабы менен ишке ашыруу процессин маалыматтык коштоо маселелерине арналган семинар өттү.
Семинарга Билим берүү жана илим министрлигинин, министрликке караштуу ведомстволук уюмдардын жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери, кызматкерлери, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө билим берүүнүн улуттук моделин камтыган бир катар стратегиялык документтер талкууланып, конструктивдүү сунуштар берилди. Ошондой эле катышуучулар өлкөнүн билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар жөнүндө жалпы кыргызстандыктардын маалымдуулугун жогорулатуу чараларын да кеңири талкуулашты.
Семинардын алкагында катышуучуларга Кыргызстандын билим берүүсүн трансформациялоонун алкагында иштелип чыккан жаңы санариптик платформалар тааныштырылды.
АРОК семинарга гана катышпастан, ошондой эле иш-чаранын логистикалык бөлүгүн уюштуруп, бардык катышуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү. Биз мындан ары да өлкөдөгү билим берүү трансформациясын колдоону улантабыз.