№98-Кесиптик лицей -Алдынкы тажрыйба борборундагы практикалык семинар

Билим берүү боюнча глобалдык аракет жумалыгы (GAWE) 2024: Трансформациялык билим берүү !

2024-жылдын 25-26-апрелинде №98 Кесиптик лицей – Алдынкы тажрыйба борборунда практикалык семинар болуп өттү . Семинар Билим берүү боюнча глобалдык аракет жумалыгынын (GAWE) “Трансформациялык билим берүү” алкагында уюштурулуп, ага Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы кесиптик лицейлерден 30 педагог катышты.

Семинардын темасы “Сабакта инновациялык санариптик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу” болуп, анда өндүрүштүк окутуу мастерлеринин жана башталгыч кесиптик билим берүү мугалимдеринин санариптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган. «Профтех.KG» коомдук бирикмесинин төрайымы Бегайым Орозакуновнанын жана №98 ПЛ тренерлеринин жеке салымынын аркасында семинардын катышуучулары санариптик билим берүү тармагында жаңы инструменттерди өздөштүрүү гана эмес, алдыңкы тажрыйба менен алмашууга да мүмкүнчүлүк алышты.

Семинар мугалимдер арасында кызматташуу жана колдоо атмосферасын түзүп, жемиштүү өттү. Катышуучулардын бардыгы тренерлерге кесипкөйлүгү жана билим менен бөлүшүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Иш-чаранын соңунда ар бир катышуучуга алардын катышуусун жана жаңы көндүмдөрүн тастыктаган сертификаттар тапшырылды.