Кыргызстандагы чоңдор үчүн окуу жумалыгы. 18-24-сентябрь, 2023-жыл акыркы күн

Биздин бүгүнкү күндө тез алмашып туруучу заманда чоңдорго билим берүүнүн ролу абдан чоң. Билим алуу адамдарга технологиялык жана коомдук өзгөрүүлөргө ылайыкташууга менен, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Билимдүү адамдар кесиптик милдеттерин ийгиликтүүрөөк аткара алышат, ошондой эле алардын өзүнө ишеними артат жана айлана-чөйрөнү жакшыраак түшүнөт.

Билим алуу – бул бүгүнкү күндө тынымсыз өсүүнүн жана өнүгүүнүн ачкычы.

Бүгүн Чоңдорго билим берүү жумалыгы аяктады, аны менен бирге биздин «Билим алуу – бул ар бири үчүн ар куракта ийгиликтин ачкычы» темасындагы флешмобубуз да аяктады.

Флешмоб учурунда публикациялардын камтуусу 15 499 түздү, аудиториянын 71,4 % аялдар, 28,6 % эркектер түздү. География боюнча бүткүл Кыргызстанды гана эмес, Москва жана Стамбул шаарларын да камтылды.

Биздин флешмобго катышып, өзүнүн баяны менен бөлүшүп, билим алуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып берүү менен биздин публикациялар менен бөлүшүп, публикацияларыбызга комментарийлерди жана реакцияларды калтырып жана алгач биздин баракчабызга катталган жарандарыбызга чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.